При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
68.02    76.07    1.2    KZT 0.22

Жалал-Абаддагы рейдде үгүт жарнактарды илүүдө саясий партиянын тартип бузгандыгы аныкталды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында жергиликтүү кеңешке боло турган шайлоонун алдында саясий партиялардын үгүт жарнактарын илүүдөгү тартип бузууларды аныктоо максатында рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу БШКнын аймактагы өкүлү Дамир Жүндүбаев билдирди.

Анын айтымында, Жалал-Абад шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаменти АШКга арыз менен кайрылган. Анткени шаардык кеңешке боло турган шайлоого катышып жаткан айрым партиялар департамент менен келишим түзбөстөн, айрым жерлерге үгүт жарнактарын илип алышкан.

Ошондой эле, баалуулуктар сакталган имараттарга жана бак-дарактарга үгүт жарнактарды илүү мүмкүн эместиги боюнча мурунку мэр А.Арапбаевдин буйругу чыккан.

«Айрым партиялар департаменттин уруксаты жок эле жарнактарды илип алгандыгын билдирип, арыз менен кайрылышкан. Арыздын негизинде атайын рейд өткөрүлдү. Жыйынтыгында «Өнүгүү-Прогресс» партиясы көп жерге жарнактарды уруксаты жок илип алганы белгилүү болгон. Азырынча комиссия чечим чыгара элек, аларга эскертүү берилиши мүмкүн», - деп билдирди Д.Жүндүбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 320
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×