Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ош

Видео - Катуу шамал Курбу-Ташта жер көчкүдөн улам эл жашап жаткан чатырларды учуруп кетти

Turmush -  Өзгөн районунун Курбу-Таш айылындагы катуу шамал 5-6 чатырды учуруп кетти. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Шамалдан тышкары нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен бардык чатырларды суу каптады.

11-майга карата Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосундагы жер көчкү 45 турак жайды басып калган.

Айыл өкмөт башчысы Кутманбек Эралиевдин айтымында, айылдагы 1 ФАП, 1 мечит, 35 электр мамысы, мектеп жана айылдагы көрүстөн көчкү алдында калды. Жашоочулар буга чейин коопсуз аймактарга көчүрүлгөн.

30-апрелден бери жер көчкүнүн сүрүлүү процесси токтой элек аймакта жалпы 61 турак жай жана 4 социалдык объект (1 мектеп, 1 бала бакча, 1 ФАП жана 1 мечит) жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1659
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×