При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
68.02    76.07    1.2    KZT 0.22

Чолпон-Атада монументалист В.Горовойдун жана анын шакирттеринин сүрөттөрү көргөзмөгө коюлду (фото)

Turmush -  Бүгүн, 19-майда Чолпон-Ата шаарындагы облустук тарыхый-маданий корук музейинде «Устат-шакирт» аттуу көргөзмө ачылды, деп билдирди Turmush басылмасынынын кабарчысы.

Музейдин директору Гүлүм Алымкожоеванын айтымында, көргөзмө Эл аралык музейлер күнүнө карата уюштурулду. Көргөзмөгө Бишкек шаарынан тургуну, монументалист Владимир Горовойдун жана анын шакирттеринин сүрөттөрү, скульптуралары, саймалары коюлган.

«Иш-чаранын максаты - тургундарга искусствону таанытуу жана жаштарга бул багытта тарбия берүү», - дейт ал.

Владимир Горовой - декоратор, монументалист, дизайнер, бутафор. Анын эмгектери Мюнхен, Кытай, Россиянын музейлеринде коюлган.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 306
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×