При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 29-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Ак-Кыя айылындагы мектеп кулаганы калды (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылындагы А.Абдраимов атындагы орто мектеп кулаганы калды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургуну Куштарбек Асаналиев билдирди.

Анын айтымында, учурда мектептин шыбактары түшүп, дубалдары кыйшайып, полдору чирип кеткен. 1-корпустагы окуучулар чыгырылып, 2-3-корпустарында окуп жатышат. Бирок бөлмөлөр жетишсиз болуп, мугалимдер коридордо иштеп жатышат. Ал эми, кулаганы калган 1-корпусунда ашкана жайгашкан. Кенже класстардын окуучуларына аргасыз ошол жерден тамак берилүүдө.

«Мектебибиздин абалы абдан эле оорлошуп кетти. Окуганга эч мүмкүнчүлүк калган жок. 2017-2018-жылдардагы окуу жылына окуучуларды мектепке кантип кабыл алышат билбейм. Мектептин араң эле жаны калды. Үстүңкү шыптары түшө баштады, полдору чирип кеткен, дубалдары кыйшайып турат. Өтө эле коркунуч жаратууда», - деди Асаналиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 411
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×