При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
68.02    76.07    1.2    KZT 0.22

Ошто үйлөрдү, социалдык объектилерди сел каптады

Turmush -  Ош шаарында кечээ, 18-майда саат 16:17де катуу нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, шаардагы турак үйлөрдү жана социалдык объектилерди суу каптады, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, А.Новои көчөсүндөгү «ЦУМ» имаратынын ичине суу кирген. Зайнабединов көчөсүндөгү «Эне-Сай» кафесинин ичине суу кирип, Ленин көчөсүндөгү Ош шаардык сотунун жана Киров атындагы орто мектебинин короолорун суу каптаган.

Ошондой эле, Аношин көчөсүндөгү №138 турак үйдүн короосун, Мамыров көчөсүндөгү №7 үйдүн, Карасуу көчөсүндөгү №22 турак үйдүн, Кызыл-Аскер көчөсүндөгү №99 турак үйдүн короосун суу каптаган.

ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгы, Ош шаардык Куткаруу кызматынан 24 куткаруучу, ӨКМдин республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 14 куткаруучу, бардыгы болуп 38 куткаруучу имараттарга жана короолорго кирген сууларды тазалап сордурушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 277
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×