При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
68.02    76.07    1.2    KZT 0.22

Бишкектин Аламүдүн базарында эхинококкоздун алдын алуу боюнча флешмоб өттү (фото)

Turmush -  Бишкек шаарынын «Аламүдүн» базарында эхинококкоздун жана альвеококкоздун алдын алуу боюнча флешмоб өттү. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, бул иш-чара 2016-2020-жылдардагы эхинококкозго каршы күрөшүү боюнча стратегиялык планды ишке ашырууга көмөк көрсөтүп жаткан «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү - 1» долбоорунун алкагында республиканын бардык региондорунда өткөзүлүп жатат.

Аталган флешмобго келген Свердлов районунун Балдар чыгармачылык борборунан 30 бала базарда соода кылган сатуучулардын жана алуучулардын көңүлүн буруп, кыргыз улуттук бийин бийлеп беришти.

«Иш-чараны уюштурган Бишкек шаардык республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун филиалынын, Свердлов районунун ден соолукту чыңдоо кабинетинин адистери катышуучуларга эң башкысы өздүк гигиенаны сактоону балдарга үйрөтүп, эхинококкоз, альвеококкоз оорусу тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле, квартал сайын иттерге дегельминтизация өткөрүп туруу керек экендигин белгилешти. Бул иш-чаранын негизги максаты – коомчулукка эхинококкоз, альвеококкоз оорусун алдын алуу, анын кандай жол менен жугузуп алуу коркунучу бар, андан кантип коргонуу керек экендиги туурасында ишенимдүү маалыматтарды жеткирүү», - деп айтылат маалыматта.

Эхинококкоз адам үчүн өтө коркунучтуу, аны менен ооругандан кийин майып болуп калуу мүмкүнчүлүгү зор. Бул илдетти дары менен айыктырууга болот. Бирок, өтүшүп кетсе хирургиялык жол менен гана алынат. Кыргызстанда жыл сайын миңдей адам эхинококкоз кистасын алдыруу үчүн хирургиялык операция кылдырат. Илдет негизинен боорду жана өпкөлөрдү бузат. Оору иттерден жана мышыктардан жугат. Ошондуктан иттерге жана мышыктарга убагында дары берип туруу керек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 208
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×