При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июль
68.68    79.82    1.15    KZT 0.21

Видео, фото — Караколдо катуу шамалдын кесепетинен үйдүн чатыры учуп, түнкү чырактар сынды

Turmush -  Каракол шаарында катуу шамалдын кесепетинен көп кабаттуу үйдүн чатыры учуп, түнкү чырактар кулап калды, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Шамал кечээ, 18-майда болжол менен саат 17:00дөр чамасында катталган.

«Катуу шамал Жакыпов көчөсүндөгү 5 кабаттуу үйдүн чатырын учуруп кетти. Ошондой эле, «Жеңиш» эс алуу багында түбү чириген терек кулап калуу коркунучун жаратты. Мындан тышкары, борбордук гүлбакчадагы түнкү чырактар сынып калды. Шаар ичинде электр энергиясы үзгүлтүккө учурады», - деп билдиришти жергиликтүү тургундар.

Учурда жарандык коргоо жана куткаруу кызматы жеринде иш алып барып жатат. Шамалдан келтирилген зыяндар такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1441
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
14:37,   26.07.2017   ( 3 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу