Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ысык-Көл

Ак-Сууда суу каптап кетүү коркунучу бар 32 үйдүн тургундары акимге кайрылышты (фото)

Turmush -  Кечээ, 18-майда Ак-Суу районунун Ак-Булак айылынын тургундары Түргөн суусунун жээгиндеги 32 үй кооптуу жагдайда экенин айтып, жергиликтүү бийликке кайрылды, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Түргөн суусу чоң киргендиктен, үйлөргө кооптуулук жаратууда.

«Биз биринчи кудайдан, экинчи өкмөттөн жардам сурап жатабыз. Азыр суунун деңгээли көтөрүлүүдө. Былтыр ошол жердеги үйлөрдүн барын суу каптап кеткен. Суунун жээгиндеги 32 түтүн өкмөттөн жардам сурап келдик», - дейт айылдын тургуну Бактыбек Кошуров.

Өз кезегинде Ак-Суу райондук администрациясынын өкүлдөрү жээкти бекемдөө иши башталарын билдиришти.

«Ал жерге ӨКМдин атайын техникалары тартылып, суунун жээгин бекемдөө иши жүргүзүлөт. Эки жылдан бери суу чоң кирүүдө. Кооптуу деп айтылып жаткан жерде былтыр бекемдөө иштери жүргүзүлгөн. Бирок, быйыл аны кайра суу алып кеткен. ӨКМ тарабынан Кочкордон техникаларды тартуу иши жүрүүдө. Алар иш токтоп калбасын деп 300 литр соляркасын да беришти. Техникалар келсе эле иш башталат», - деди райондун акими Улан Дөкөнбаев.

Эскерте кетсек, былтыр Түргөн суусунун жээгиндеги үйлөрдү суу каптап, көпүрөсүн алып кеткен. Көпүрө ӨКМдин каржылоосу жана жергиликтүү тургундардын жардамы менен кайрадан салынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 581
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
11:29,   20.11.2017   ( 9 адам окуп жатат)
×