Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Кара-Көлгө караштуу 3 айылдын жолдорун сел каптап, таштарга толуп калды (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарында 16-17-май күндөрү катуу жааган жамгырдын кесепетинен шаарга караштуу үч айылдын жолдорунда сел жүрүп, таштарга толуп калган.

Turmush басылмасынын кабарчысы маалымдагандай, айылдагы жолдордун абалы жана тазалоо иштеринин жүрүшү менен шаар мэри И.Еркеев таанышып чыкты.

Сел Жээн-Кыштоо, Чоң-Таш менен Төш-Мазар айылдарындагы жолдорду каптаган. Турак жай, короолорго зыян келтирилген эмес. Учурда аталган аймактарда шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан тазалоо иштери жүрүүдө. Тазалоо иштерине кеткен чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланууда.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 596
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
22:00,   18.09.2017   ( 5 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу