При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июль
68.46    79.79    1.14    KZT 0.21

Таластык 81 жаштагы мугалим Т.Итикеев Лейлектеги маркум окуучусуна куран окутканы келди маек

Turmush -  Таластык Тургунбек Итикеев мындан 58 жыл мурда 23 жашында Лейлекке келип мугалим болуп иштеген. Ардагер мугалимдин айтуусунда, акын Курбаналы Сабыровдун класс жетекчиси болгон. Акындын көзү өтүп кеткенине байланыштуу бир кездеги мугалими атайын Таластан Лейлектин Коргон айылына келип акын окуучусуна куран окутту. Аймактык кабарчы ардагер мугалим менен баарлашты.

1

- Тургунбек агай кантип Лейлекке барып калдыңыз эле?

- 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин физмат факультетин математика бөлүмүн бүтөрүм менен Маяковский атындагы кыз-келиндердин жогорку окуу жайына иштеп калгам. Бирок жарым айлык эле алчумун. Бир жакшы санаалаш агайым, Ош облОНОсу Саткыналиевдин иниси экен. Ошол адам «сен Ошко барып иштеп кел. Жашоо-турмушуң тез оңолот. Жакшы кызматка да көтөрүлөсүң» деп калды. Муну туура көрүп, август айынын 15инде Ош облОНОсунда болдум.

Мени Алайку деген мектепке же болбосо Фрунзе районундагы Охна деген эки мектептин бирине директор болуп барасың дешти. Ошентип мен Лейлекке келип, аталган райондун акын Курбаналы Сабыров окуган Коргон орто мектебинде иштеп калдым. Бул мектеп мурда 8 жылдык болуп, мен барганда 9-класс ачылды. 1-сентябрда математика, физика, астрономия сабагынан мугалим болдум. Бирок кыргыз жана тажик аралаш жашаган айыл болгондуктан тажик класстары бар экен.

- Угушума караганда Курманалы Сабыровдун класс жетекчиси болгон экенси...

- Коргон орто мектеби мурдагы райондун борборунда жайгашкандыктан тегерегинде Баул, Катыраң, Кара-Суу айылынан келип окуй турган. Алардын катарында Курбаналы Сабыровда бар болчу. Курманалынын чыгыш жактагы Баул айылына кеткен жакта чакан айыл бар эле. Ошол жерден келип окуучу. Болжол менен 1 же 1,5 чакырым аралык.

Курманалы Сабыровду көз кырыма алып калганым чыгармачылыкка жакын болгондугунан баамыма урунду. Класстык кичинекей бурчтарды чыгарып, ал тургай мектептин дубал газетин чыгарып, ага өзүнүн ырларын жазып жүргөндүктөн жакындан тааныш болуп калгам. Менин деле ошол кездеги жаш курагым 23 жаш эле. Ушул жагы да экөөбүздү жакындатты окшойт. Бирок 2 жыл ал жерде иштегендиктен кийин үй-бүлөлүк шартка байланыштуу Таласка которулуп кеттим.

- Болочоктогу акын жөнүндө кыскача кеп куруп бердиңиз. Кийин экөөңүздөрдүн ортоңуздарда байланышыңар болдубу?

- 1968-жылы элге билим берүү министрлигинин тапшырмасы менен атайын түзүлгөн комиссиянын курамында болуп, Өзгөн, Баткен, Лейлек, Ош шаарындагы мектептерди текшерүү менин үлүшүмө туура келип калды. Ошондо Баткен районунан Курбаналы окуучума жолугуп калдым. Райондук газетанын башкы редактору экен. Газетанын аты эсимде жок. Агайым деп мени аябай сыйлады. Райондун жакшы жерлерине алып барып көрсөттү. Үйүнө чейин алып барды. Айтор ушундай окуучум бар экенине менин да көңүлүм көтөрүлүп калды.

Көрсө мен Таласка кеткенде ал Фрунзеге келип, ошол кездеги аталышы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факульетинде таластык акын Анатай Өмүрканов менен бирге окуганын экөөбүздүн аңгемелешүүбүздө айткан.

- Ошол Баткенге келишиңизде Курманалы Сабыров акын катары таанылып калган кези болсо керек?

- «Нур булак» деген ырлар жыйнак китебин белеке берди. Ичинде «Агайым» деген мага арнаган ыр бар экен. Аны окуп алып аябай толкунданып, ага өз ыраазылыгымды айткам. Ырларын окуп такшалган акынга өсүп жетилгенин баамдагам. Ыр жазуундагы өз стилин таап алган акын катары таасирленгем. Жакын арада Бишкекке которулуп барып калышым мүмкүн дегендей кыйытып айткан.

- Бул окуучуңуз менен Фрунзеде да жолугушкан учурларыңыз болду беле?

- Кийинчирээк элге билим берүү министрлигинде иштеп калдым. Курбаналы да мектеп басмасында редактор экен. Ал жерден да жолугушуп аңгемелешип турдук. Бул анын өмүрүнүн акыркы мезгилдери экен. Жаш кетти аттиң.
Чыгармачылыгы гүлдөп турган кези эле. Акындардын арасынан суурулуп чыгып, республикадагы алдыңкы жаш акындардын катарында аты чыгып калган. Азыр тирүү болгондо Анатайдай болуп көп чыгармаларды жазып катарыбызда жүрмөк. Эл акыны болуп калмак. Азыр анын 4-5 китебин үйүмдө сакталып турат. Анын жакын элеси дайыма менин эсимде.

- Баткенден ары Лейлекке бара тургандыгыңызды угуп калдык. Ал жакка эмне максат менен барасыз?

- Быйыл апрель айында Курбаналы Сабровдун 75 жылдыгы өтүптүр. Мени билбей калышкан экен. Азыр уюлдук телефон менен үй-бүлөсү менен тааныштым. «Сизди билгенибизде Бишкектен кайрылып алып кетмек экенбиз» деп өкүнүп калышты. Менин педагогикадагы эмгектик, турмуштук жолум негизинен Лейлекте азыркы аталышы Курбаналы Сабыров атындагы орто мектепте башталган. Азыр 81 жашты жашап жатамын. 23 жашымда барган жеримди кайра бир көрүп, ошондогу иштешкендерим менен окуткан окуучуларым менен бир баарлашып, Курбаналыга куран окуп кайтсамбы деген ниет менен бара жатам. Акындын атындагы мектепке мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн акыркы коңгуроосуна барып, Курбаналынын өзүнө багыштап куран окусам, акын тууралуу өз ой пикиримди кенээнирек айтайын деген үмүт менен мен иштеген мектеп кандай эле, азыр кандай болуп калганын көрүп, мектептин жамааты менен баарлашсам деп атайын бара жатам.

Дагы бир айтып коёрум 1959-жылдын 1-октябрында эң биринчи эркек уулдуу болгом. Мектепте Сайытов Досмат деген карыя баламдын атын Лейлекбек койгон. «Башка атты койсоң бизди унутуп каласың. Лейлекбек койсоң дайыма бизди эстеп жүрөсүң» деген. Балам 58 жашка келип калды. Улуттук коопсуздук кызматынын ардагери, полковник. Бирок өзүнүн кесиби энергетик эле ошол жакта иштеп жатат.

- Маегиңизге ырахмат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1398
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:13,   25.07.2017   ( 12 адам окуп жатат)
13:00,   26.07.2017   ( 5 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу