При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июль
68.46    79.79    1.14    KZT 0.21

Айыл турмушу: 54 жаштагы уста С.Карабашов 8 жылда чүйлүк 500 тургундун короосуна суу чыгарды (фото)

Turmush -  Сокулук районунун 54 жаштагы тургуну Султаналы Карабашов мындан 8 жыл мурун суу чыгаруунун ыкмасын сыналгыдан бир эле көрүп, кийин өзү өздөштүрүп, жасап баштаган. Ал 8 жылдын ичинде 500дөн ашуун кардарлардын короосуна суу чыгарып берди. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

«Бир жолу сыналгыдан суу чыгаруунун системасын көрсөткөн. Мен аны бир көрүп эле, өзүмчө өздөштүрүп, жасап баштагам. Бирок, ал кезде суу чыгаруунун системасы башкача эле. Азыр аябай ыӊгайлаштырып, жөнөкөйлөштүрүп алганбыз. Жерди 1 метр тереңдикте казуунун акысы 500 сомдон башталат. Түтүктү 100 жылга чейин жарай турган кепилдиги менен өзүбүз алабыз. Тургундар суу түтүгүн алам деп, убара болбойт. Ушул күнгө чейин бир дагы кардар ишиме нааразы боло элек. Негизи бир эле Сокулукка эмес, Чүй облусунун бардык эле райондоруна, айылдарына суу чыгарып берип жүрөм. Чүйдүн жери ар кандай келет. Мисалы, кээ бир жерден 50 метр тереңдиктен суу чыкса, айрым жерлерден 5-10 метрден кийин эле суу чыгып кетет. Бирок, ал 5-10 метр тереңдиктен чыккан сууну ичүүгө болбойт. Шор суу болуп калат. Жок дегенде 20 метр тереӊ казуу керек. Мындан сырткары устачылыкты да өздөштүрүп, өзгөчө темир ширетүүнү  жактырам. Суу чыгарууга буйрутма түшпөй калган кезде, устачылык менен алектенем», - деди сокулуктук уста.

Ал 2000-жылы Жалал-Абаддан Чүй облусунун Сокулук районуна көчүп келген.

«Мектепти аяктагандан кийин Россияда аскердик кызмат өтөп келип, көп жыл айдоочу болуп эмгектендим. Өзүм болсо, Аксы районундагы Кош-Дөбө айылында 1963-жылы төрөлгөм», - деди С. Карабашов.

Уста үй-бүлөлүү, 4 кыз, 9 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 933
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу