Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баткен

Лейлекте селдин кесепетин жоюу иштери жүрүп жатат

Turmush -  Кечээ, 17-майда Лейлек районунда болгон селдин кесепеттерин жоюу боюнча аракеттер көрүлүп жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жолду тазалоого райондук №13 жол тейлөө ишканасынын 1 грейдер, айыл аймактан 1 жүктөгүч тартылды.

17-майда саат 17:40 чамасында Миң-Жыгач, Тогуз-Булак айылдарында тоо этектеринде жааган жамгырдын кесепетинен, Миң-Жыгач сайы аркылуу сел жүрүп, №13 жол тейлөө ишканасынын карамагындагы Исфана-Гордой—Миң-Жыгач—Айбике унаа жолунун 16-19-чакырымдарынын аралыгын сел калдыктары басып, унаалардын жүрүүсүнө кыйынчылык жараткан.

Ошондой эле, 450 метр аралыктагы ички арыктар сел калдыктарына толуп, кээ бир жерлери бузулган. Адам өмүрүнө жана турак үйлөргө зыян болгон эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 710
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу