Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.49    81.6    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Талас

Жаш талант: 17 жаштагы Данияр ыр жазып, музыка менен алектенип, кагаздан сувенирлерди жасайт (фото)

Turmush -  Манас районуна караштуу Чоң-Капка айылынын 17 жаштагы тургуну Махмут уулу Данияр музыкалык аспаптарда ойноп, кагаздан гүлдөрдү, ак кууларды жана башка сувенирлерди жасайт. Аймактык кабарчы жаш талант менен баарлашты.

- Данияр өзүң жөнүндө айтсаң?

- Учурда Бала-Саруу орто мектебинде 10-класстын окуучусумун. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсүмүн.

- Сабактан тышкары эмнеге кызыгасың?

- Сабактан тышкары музыкалык аспаптарга көбүрөк көңүл бурам. Учурда нота менен комузду үйрөнүп жатам.Ал эми гитара менен синтезаторду өз алдымча үйрөнүп жаткан кезим. Илхом келгенде ыр жазам. Мындан тышкары, кол өнөрчүлүк менен алектенем.

- Кагаздан ар нерсе жасаганды кимден үйрөнгөнсүң?

- Кагаздан жасайм деген оюм жок болчу. Жүрөгүмдөн операция болгондон кийин жумуш кылганга, оор көтөргөнгө болбой калды. Анан өзүм кагазга кызыгып, интернеттен көрүп үйрөнө баштадым. Абдан майда бирок кызыктуу экен.

- Жасаганыңа канча убакыт болду?

- Жасаганыма 8 ай болду.

- Жасагандарыңдын материалын кайдан аласың? Сатыкка чыгарасыңбы?

- Материалдарын үйдөгүлөр Бишкектен, Тараздан алып келип беришет. Жасагандарымды сатыка чыгарган жокмун.

- Келечекте ким болгуң келет?

Менин келечеке койгон максаттарым зор. Биринчиден ата-энеме карамдуу, мекеним үчүн татыктуу уул болгум келет. Бактылуу үй-бүлө куруп, өзүм сүйгөн кесибиме жетип, эл керегине жарасам дейм. Ырларыма обон жазып, чоң сахнага ырдап чыксам дейм. Билесизби, максатсыз жашоонун маңызы жоктой супсак болот. А менин бүгүнкү күндө максатым ар тараптан демөөрчүлөрдү таап, мектептеги мен курактуу окуучулардын өнөрүнүн өсүшүнө салым кошуу.

- Кыргызстанды 10 жылдан кийин кандай элестетесиң?

- Экинчи Швейцариядай. Кыргызстанды 10 жылдан кийин өнүккөн мамлекеттердин катарында көргүм келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2088
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу