При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
68.02    76.07    1.2    KZT 0.22

Аламүдүндөгү Ала-Арча дарыясынын жээгинен жаш кыздын сөөгү табылды (фото)

Turmush -  Аламүдүн районунун Чоң-Арык айылындагы Ала-Арча дарыясынын чыгыш тарабындагы жээгинен азиат түспөлүндөгү 20-25 жаштагы кыздын сөөгү табылды.

Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, белгисиз кыздын денеси 13-майда табылган.

Өзгөчө белгилери: бою 155-160 см, бетинин түзүлүшү сүйрү, кашы түз, чачы кара.

Кийген кийимдери: кара түстөгү кофта жана шым, кара бут кийим.

Бул кыз тууралуу маалыматы барлар Ленин РИИБге же издөө бөлүмдүн (0553) 102465, (0703) 401600, (0312) 352947, 352605 номурларына кайрылса болот.

01c00c89dc55aa3eb0c23b251fe695ef

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 677
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×