Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.49    81.6    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Талас

Жаш талант: Таластык А.Искенова тогуз коргоол боюнча республикалык мелдеште жеңүүчү болду (фото)

Turmush -  Таластык 16 жаштагы Айдана Искенова тогуз коргоол боюнча респуликалык мелдеште 1-орунду ээледи. Аймактык кабарчы жаш талант менен таанышты.

Анын айтымында, Талас районунун Кырк-Казык айылында туулган. 13 жашынан бери тогуз коргоолго катышып ийгиликтерди жаратып келет.

«Тогуз коргоолго катышып калышыма дене тарбиядан берген агайым түрткү болгон. Менин да кызыгуум артып үйрөнүп, ойноп баштап, райондогу мелдештерге катышып жеңишке жетип жүрдүм. Таластан көп ийгиликтерди багындырдым. Жакында респуликалык мелдештен 1-орунду алып кайттым», - деди ал.

Айдана учурда Байсейит уулу Эшмамбет атындагы орто мектепте 9-класста окуйт. Үй-бүлөдө 5 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 705
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу