Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Сокулуктук И.Филиппенко кыз-келиндер үчүн асыл таштардан эксклюзивдүү бижутерияларды жасайт (фото)

Turmush -  Сокулук районундагы Сокулук айылынын 54 жаштагы тургуну Ирина Филиппенко асыл таштардан аялдар үчүн бижутерияларды жасайт. Анын эмгектерин Turmush басылмасынын кабарчысы көрүп келди.

«Кол өнөрчүлүктүн бардык түрүн билем. Эки жылдан бери колго таккан шамбалдарды, билериктерди жана сөйкө, шакектерди жасап келем. Ал эми, акыркы эки айдан бери териден бижутерияларды жасап баштадым. Кээ бир бижутерияларды жасап бүткүчө бир ай убакыт кетет. Себеби, ага колдоно турган фурнитурасын издеп табам», - деди кол өнөрчү.

Ал жасаган буюмдар 150-1500 сомго чейин бааланып сатылат.

«Мен кол өнөрчүлүк менен бош убакытта гана алектенем. Көбүнчө досторум Германия, Канада, Израил, Россия, Белоруссияга алып кетишет. Калгандары Бишкектен сатылат. Билгендеримди кыздарга да үйрөтүп жүрөм», - деди ал.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 790
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
11:29,   20.11.2017   ( 16 адам окуп жатат)
×