При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июль
68.46    79.79    1.14    KZT 0.21

АКИ-ТV: Оштогу сулуулук сынакка катышкан кыздардын көбү суроолорго жооп бере алышкан жок

Turmush -  Ош шаарында өткөн «Сулайман-Тоо периси - 2017» сынагына катышкан кыздар тарыхый маанидеги суроолорго жооп бере албай калганы көрүүчүлөр тарабынан сынга кабылды. Алар Курманжан датка, Чыңгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбеков сыяктуу залкар инсандар тууралуу суроолорго жооп бере алышкан жок. Мындан тышкары кыргыз макалдарын улап кетүүдө кыйналышты.

Сынактын жыйынтыгы боюнча баш байгеге Айдана Абдыкаарова ээ болуп, Дубайга жолдомо алды. Ал эми 1-орунду алган Гүлнура Валижановага Түркияга жолдомо берилди. 2-орунду багындырган Назбийке Маматовага Тажикстандын «Бахаристон» эс алуу жайына жолдомо тапшырылды. Ошондой эле, 3-орунга ээ болгон Диана Туташевага Ысык-Көлгө жолдомо ыйгарылды.

Сынакка Ош облусунун Өзгөн, Алай, Кара-Суу райондорунан Ош шаарынан жана Жалал-Абад облусунан 16 жаштан 25 жашка чейинки 17 кыз катышты. Алар саламдашып, суроолорго жооп берип, бийлерди аткарышып, кече көйнөктөрү боюнча мода көрсөтүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6477
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу