При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июль
68.46    79.79    1.14    KZT 0.21

Өзбекстанда балмуздактан уулангандардын саны 1,5 миңге жетти

Turmush -  Өзбекстандын Андижан облусунун Шахрихан районунда балмуздактан уулангандардын саны 1,5 миң адамга жетти. Бир нече тургундарга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндүгүн centralasian.org. басылмасы билдирди.

Маалым болгондой, азыркы тапта тамак-аштан ууланган деген диагноз менен жүздөгөн адамдар ооруканада жатышат.

Андижандык дарыгелердин айтымында, Шахрихандагы ооруканага тамак-аштан ууланган 200гө чукул адам келип, анын ичинен бешөөсү жандандыруу бөлүмүнө жаткарылган. Ал эми, калгандарын башка ооруканалар кабыл алып жатышат.

Андижан облусунун укук коргоо органдары, уулангандар Шахрихандын борборунда жайгашкан «Макс» кафесинен балмуздак жешкенин билдиришүүдө.

Буга чейин, Шахрихан шаарына Саламаттыкты сактоо министринин орун басары, Өзбекстандын башкы мамлекеттик санитардык дарыгери Сайдмурад Сайдалиев жана дарыгерлер тобу келишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1007
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу