Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Баткен

Видео - Айдаркендеги сел чоң уйду ала салдырып агызып кетти

Turmush -  Баткен облусунун Айдаркен шаарынын тургундары жамгырдан улам келген сел уйду агызып кеткендигин тасмага тартып алышкан.

15-майда саат 19:20 чамасында Айдаркен шаарында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Гавуян сайынан сел түшүп, Октябрь, Асаев, Жашыл-Бак, Айдаркен жана Тынчтык көчөлөрүндө сел агып, 11 турак жайды жана 17 чарбакты каптады.

ӨКМдин маалыматына караганда, сел 5100 метр ички чарбалык жолду жана 3200 метр арыктарды каптап, 5 даана электр мамычасын, 1 «ДЭУ Матиз» үлгүсүндөгү унааны агызып кетти. Кырсыктан адамдар жабыркагандар жок. Селдин кесепеттердин жоюуга ӨКМдин 12 куткаруучусу, жергиликтүү тургундардан 30 адам жана «Айдаркен» сымап комбинатынан 1 жүктөгүч, 1 портер тартылган.

Кырсыктан адамдар жабырган эмес. Селдин кесепеттерин жоюу үчүн атайын штаб түзүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5025
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×