При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 26-май
67.94    75.99    1.21    KZT 0.22

Канадада өлгөн аял кыз төрөдү

Turmush -  Канадада каза болгон аял кыз төрөдү. Бул тууралуу Новости Планеты басылмасы жазып чыкты.

Маалым болгондой, маркумду жерге берип жатканда наристе табыттын ичинде төрөлгөн. Торонто шаарында авто кырсыкка кабылган кош бойлуу аялга дарыгерлер болгон аракетин жасашкан. Бирок, жабырлануучу каза болуп, анын денеси өлүкканага жиберилген. Маркум ал жерде 17 саат жаткан. Анын 7 айлык боюнда болгон. Аялдын сөөгүн жерге берер алдында ритуалдык кызмат көрсөтүүчүлөр табыттан кичинекей баланын ыйлаган үнүн угушкан. Алар мындай окуяга таң калып, жаңы төрөлгөн наристени дарыгерлерге дароо жеткиришти. Доктурлар да өлгөн эненин денесинде бир күн жашап, андан кийин төрөлгөн кызга таң калып жатышат.

Наристе 4 ай дарыгерлердин көзөмөлүндө болгондон кийин, тиешелүү органдарга тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2562
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×