При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июль
68.68    79.82    1.15    KZT 0.21

Видео - Баткенде көп салынып жаткан сынч үйлөр 7 баллдык жер титирөөлөргө туруштук бере алат

Turmush -  Баткенде сынч үй деп аталган үйлөрдүн имараты 7-7,5 баллдык жер титирөөлөргө да туруштук бере алат.

Мындай үйлөрдү 30 жылдан бери куруп келе жаткан уста Аскарбек Дүйшеевдин айтымында, «сынч үйүм - тынч үйүм» деген сөз бар. Сынч үй салуу ата-бабалардан калган. Илгери үй куруу үчүн мык жок болгондуктан, мыктын ордуна жыгачтарды аралап, бири-бирине аштап коюшкан. Сынч үйлөр архитектуралык талаптарга толугу менен жооп берет.

«Учурда көпчүлүк үйлрөүн сынчтан салып жатышат. Себеби мындай үйлөрдүн коопсуздугун эл да түшүнүп калды. Сынч үй кыштан же топурактан жасалган үйлөргө салыштырмалуу бекем болот. Мисалы жыгач колдонулбай кыштан жасалган үйлөр жер титирөөгө туруштук бере албайт. Себеби ал үйлрөдүн кармап кала турган ашталган жыгач жок. Жыгачтан курулган сынч үйлөр жер титиреген убакта да бекем болот, жарака кетпейт. Жыгачтын ашталган жерлери кыймылдайт, бирок бири-биринен чыгып кете албайт. Кооптуулук жаратпайт», - деди уста.

Баткен облустук архитектурасынын инженери Айипбек Абдиназаровдун айтымында, жыгачтан куралган үйлөр жеңил болуп, жер титирөөгө туруштук бере алат.

«1977-1978 жылдары 7-8 балдык жер титирөө катталган. Ошол башка үйлөр бузулса да, сынч үйлөр бузулбастан турган. 5-6 баллдык жер титирөөлөрдө сынч үйлөрдөн жарака да кетпейт. Булар биздин практикада болуп өткөн. Сынч үйлөр оң жактарын гана көрсөтөт», - деди инженер.

ӨКМ кызматкерлери да сынч үйдүн коопсуз экендигин белгилешти. Учурда облус аймагында сынч үй салгандар көбөйүп жатат.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7731
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу