Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Караколдо өткөн «Жыл мугалими-2017» сынагында жаш мугалимдер байгелүү орундарды алышты (фото)

Turmush -  Каракол шаарында «Жыл мугалими-2017» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы В.Апышеванын айтымында, сынакка 11 мугалим катышты.

«Орус тилдүү жана кыргыз тилдүү мугалимдерди өзүнчө бааладык. Баш байгеге №11 мектеп гимназиясынын орус тили жана адабият мугалими Екатерина Колесникова, №4 мектеп гимназиясынан кыргыз тили жана адабияты мугалими Керемет Талипова ээ болду. Ал эми, 1-орунду №15 мектебинин башталгыч классынын мугалими Сайкал Эгенбердиева, №3 мектеп гимназиясынын башталгыч классынын мугалими Ирина Русина алышты. 2-орунга №9 мектептин орус тили жана адабияты мугалими Анархан Нуркамилова жана №11 мектеп гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими Айжан Шалпыковалар багынтты», - деди ал.

В.Апышева жеңүүчүлөрдүн арасында жаңы гана жогорку окуу жайды кызыл диплом менен бүтүп келгендер бар экенин айтты. Алардын бири жогорку окуу жайды бир жыл мурда кызыл диплом менен аяктаган Анархан Нуркамилова.

«Мага бул сынак чоң сабак болду. Көп жыл иштеген эжейлер тажрыйбалары менен бөлүштү. 2-орунду багынтканыма абдан кубанычтамын. Мен бул кесиптин ээси болгонума абдан кубанычтамын жана сыймыктанам», - деди А.Нуркамилова.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө муздаткыч, кир жуугуч машина нан бышыргыч берилди. Ага шаардык бюджеттен 72 миң сом каралган.

«Мугалимдерди колдоо үчүн шаардык бюджеттен 756 миң сом бөлүнүп, ал мугалимдердин коммуналдык төлөөсүнө берилди. Ошондой эле, эс алууга быйыл 100 миң сом каралды. Андан сырткары олимпиадаларда байгелүү орун алган окуучуларга жана алардын мугалимдерине 120 миң бөлүп жатабыз. Менин ата-энем да мугалимдер. Андыктан мугалимдердин түйшүгүн жакшы түшүнөм», - деди шаар мэри Д.Арпачиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1470
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 5 адам окуп жатат)
×