При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 29-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Африкада суунун үстүнөн басууну каалаган динчил крокодилге жем болду

Turmush -  Африканын түштүк континентиндеги Зимбабве Республикасында жашаган динчил Джонатан Мтетва өзүнүн чиркөөдөгү окуучуларына пайгамбар Иисус Христос сыяктуу суунун үстүнөн баса аларын айткан. Ал акыркы күндөрү дин таануучулары менен крокодилдүү дарыянын жээгине үзгүлтүксүз каттап, динге болгон ишениминин күчүн көрсөтүү үчүн суунун үстүнөн басууну каалаган.

Динчилдин окуучуларынын айтымында, ал суунун үстүнөн басуудан мурун бир жума бою кудайдан жалынып суранган.

Новости Планеты басылмасынын маалыматына караганда, Джонатан Мтетва 13-майда эртең менен аталган дарыяга 30 метр тереңдикке чейин кирген. Бирок, 3 чоң крокодил кол салып, аны суунун түбүнө алып кирип кетишкен. Куткаруучулар окуя болгон жерге келип, Джонатандын бут кийими жана ички кийиминен башка эч нерсе табышкан эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2360
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×