При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
68.02    76.07    1.2    KZT 0.22

Кытайда жерге берилген бир айлык наристени ит тирүү куткарып чыкты

Turmush -  Кытайдын Цзянцзинь шаарында өлдү деп жерге коюлган наристени ит жерден тирүү куткарып чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, ит буттары менен бир жерди тытмалап казып, ээсине кайра-кайра үргөн. Анын ээси ит казган чуңкурга барса, ак кепинге оролгон кичинекей бала ыйлап жаткандыгын көргөн. Куткарылган наристенин төрөлгөнүнө бир ай эле болгон. Анын кан басымы төмөн түшүп, жүрөгү акырын соккондуктан оорукана жеткирилип, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган. Алар бир айлык баланын абалы жакшырып бара жаткандыгын айтышууда.

Учурда милиция кызматкерлери наристенин жакындарын издеп жатышат. Алдын ала маалыматтарга караганда, бала жаңылыштык менен тирүүлөй жерге көмүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3756
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×