Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Чүй облусуАламүдүн району 16.05.2017 10:52

Айыл турмушу: Аламүдүндүк В.Ондрина ар кандай буюмдарды токуп, 3 миң сомго чейин баалайт (фото)

Turmush -  Аламүдүн районунун 21 жаштагы тургуну Виктория Ондрина көп жылдан бери кийим токуп, чачка тагуучу ободокторду жана башка каражаттарды жасайт. Анын эмгектерин Turmush басылмасынын кабарчысы көрүп келди.

«Кол өнөрчүлүк менен алектенип келе жатканыма көп эле жыл болду. Бир жолу интернеттен токулган кооз эмгектерди көрүп калып, аябай кызыккам. Кийин өзүм токуп баштадым. Ошондой эле, кыздар үчүн чачка таккан лентадан канзашилерди жасап сатам», - деди ал.

Анын жасаган эмгектери 80 сомдон 3000 сомго чейин бааланат.

«Керектүү каражаттарды базардан же атайын буйрутма аркылуу алам. Бир эле чачка таккан ободокту жасоо үчүн 4 сааттан 12 саатка чейин убакыт сарпталат. Эмгектеримди каалап сатып алгандар көбөйүп калды. Келечекте жеке өзүмө дүкөн ачып, колдон жасалган буюмдарды сатсамбы деп ойлоп жүрөм. Негизи өз максатыңа жетүү үчүн сабырдуулук керек деп ойлойм», - деди ал.

Кол өнөрчү үй-бүлөлүү, бир уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×