Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Баткен

Фото, видео: Айдаркендеги селден унаа талкаланып, чарбактар, үйлөр жабыр тартты

Turmush -  Кечээ, 15-майда саат 19:20 чамасында Айдаркен шаарында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Гавуян сайынан сел түшүп, Октябрь, Асаев, Жашыл-Бак, Айдаркен жана Тынчтык көчөлөрүндө сел  агып, 11 турак жайды жана 17 чарбакты каптады.

ӨКМдин маалыматына караганда, сел 5100 метр ички чарбалык жолду жана 3200 метр арыктарды каптап, 5 даана электр мамычасын, 1 «ДЭУ Матиз» үлгүсүндөгү унааны агызып кетти. Кырсыктан адамдар жабыркагандар жок. Селдин кесепеттердин жоюуга ӨКМдин 12 куткаруучусу, жергиликтүү тургундардан 30 адам жана «Айдаркен» сымап комбинатынан 1 жүктөгүч, 1 портер тартылды.

Куткаруучулар, жергиликтүү тургундар жана тартылган техникалар турак жайларга кирген сел сууларды тазалоо иш-чараларын жүргүзүштү. Сел жүрүп жаткан учурда райондук РЭС кызматкерлери тарабынан электр энергиясы убактылуу өчүрүлүп турган. Азыркы учурда Октябрь көчөсүндө электр энергиясы жок. Селдин кесепеттерин жоюу иштери бүгүн да улантылат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3920
Көп окулду
×