Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-сентябрь
68.5    82.24    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

Караколдо мыкаачылык менен өлтүрүлгөн «Вертолеттун» денеси табылды

Turmush -  Ысык-Көл облусунда мыкаачылык менен адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды. ОИИБдин басма сөз кызматы Turmush басылмасына билдиргендей, 12-май күнү Каракол ШИИБдин Кашка-Суу шаардык милиция бөлүмчөсүнүн башчысына 2016-жылдын ноябрь айында В. аттуу адам тааныштарынын үйүнөн белгисиз адамды өлтүрүп, ошол үйдүн айланасына көмгөнү тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.

Бул боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Ысык-Көл ОИИБ менен Каракол ШИИБдин тергөөчүлөрү кылмыш К.Жантөшев көчөсүндөгү үйдө болгонун аныкташкан. Текшерүү учурунда үйдүн чарбагына көмүлгөн европа түспөлүндөгү эркек адамдын жансыз денеси табылган.

Өлүк табылган үйдүн 40 жаштагы ээси К.Натальянын көрсөтмөсү боюнча, 2016-жылдын ноябрь айында анын күйөөсү, таанышы В. жана белгисиз адам болуп спирт ичимдигин ичишкен. Алар белгисиз адамга «Вертолет» деп кайрылып жатышкан. Ал үйдөн В. менен «Вертолеттун» ортосунда пикир келишпестиктер жаралып жатканын айткан. Спирт ичимдиги ичилгенден кийин үйдүн кожойкеси өз бөлмөсүнө уктаганы кетип, ойгонгондо В. менен күйөөсүн көргөн. Ал эми, «Вертолет» үйүнө кеткенин айтышкан. Ал үйдүн кожоюну ушул жылдын январь айында каза болгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Ысык-Көл ОИИБ менен Каракол ШИИБдин кылмыш иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерлери В. аттуу адамдын өздүгүн тактап, ал мурда уурулук үчүн соттолгон 46 жаштагы Б.В. экенин аныкташкан. Суракка алынган учурда ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, 6 ай мурун таанышынын үйүнөн «Вертолет» аттуу адамды сабап өлтүрүп, андан кийин жерге көмүп салганын айтып берген.

Аталган факты боюнча Каракол ШИИБдин тергөө бөлүмчөсү тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иш козголду. Шектүү убактылуу камакка алынып, тергөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5869
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
amantay
14:41, 13 мая 2017
Ушул материалдын котормочулары, адистигинерди ыкчам жогорулатып алгыла.
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу