Бөлүмдөр
Жума, 21-июнь
Чүй облусуЫсык-Ата району 11.05.2017 09:59

Айыл турмушу: Пауэрлифтинг боюнча Кыргызстандын чемпиону А.Аралбаев ден соолугуна байланыштуу спорт менен машыкты (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Гавриловка айылында төрөлгөн 39 жаштагы Александр Аралбаев келбети орус улутуна окшош болгону менен өзүн кыргыз деп эсептейт. Учурда спортчу пауэрлифтинг боюнча Кыргызстандын чемпиону жана бодибилдинг боюнча машыктыруучу. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Аралаш кандуумун. Бирок, өзүмдү кыргыз деп эсептейм. Себеби, атам кыргыз, апам орустун да, татар улутунун да кызы. Атам Ташбулат Аралбаев өмүр бою телемастер болду. Апам башталгыч класстардын мугалими болуп эмгектенген. Ал билим берүүнүн отличниги. Учурда экөө тең пенсияда, үй тиричилиги менен алектенишет», - деди ал.

Спортчу бала кезде итий оорусу менен ооруган. Көкүрөк клеткасынын тез деформациясы башталып, ата-энеси көптөгөн дарыгерлерге кайрылып жыйынтык таппай, акыры спортко берүүгө аргасыз болушкан.

«Дарыгерлер мени өмүр бою көкүрөк сөөгү жукарып, шишиктен улам “тоок төш” болуп калат деген тыянак чыгарышкан. Апам бул жыйынтык менен макул болбой, организм өсүп жатканын билип, мени спорт мектебине берген. Бир жылдан кийин баягы оорудан бир дагы так калган жок. Гимнастика менен 5 жашымдан баштап 6 класска чейин машыктым. Андан кийин спорттун ар кандай түрлөрүнө бара баштадым. Күрөш, футбол, таэквондо жана башкаларга бардым. Бирок, профессионалдык түрдө бири менен да алектенген эмесмин», - деди ал.

А.Аралбаев 1995-жылы №66 орто мектебин бүтүп, ошол кездеги Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин эл аралык факультетине тапшырган. 1998-жылы 3-курста окуп жатканда Кыргызстандын Америкадагы элчилигине өндүрүштүк практикага жөнөтүлгөн. Практика учурунда элчинин жардамчысы кызматын аркалап, котормочу болуп иштеп калган. Кийин окуусун улантып, 2001-жылы толук жогорку билимдүү кесипке ээ болгон.

Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматында 2 жыл иштеп, кийин Москва шаарындагы банктын төрагасынын жардамчысы кызматын аркалап, бир жарым жылдан кийин үй-бүлөлүк маселелерге байланыштуу кайрадан Бишкекке келип иштеп калган.

«Соңку 10 жыл ичинде коомдук ден соолук жана ВИЧ/СПИД боюнча эл аралык уюмдарда да иштедим. 2016-жылы май айында спорттук борбор негиздегем. Ошондой эле, спорттун троеборье багытында активдүү машыгып жүрдүм. 2010-2016-жылдардан тартып Кыргызстандын пауэрлифтинг боюнча чемпионатында баш байгелердин ээси болдум. Учурда бодибилдинг менен жигердүү машыгып жана машыктыруучу да болуп иштеп жатам», - деп кошумчалады ал.

Спортчу чет өлкөлөрдө өткөн көптөгөн мелдештерге катышып, спорттун түрлөрү боюнча сыйлыктарды алууга жетишкен. Ал учурда бойдок, жакында үйлөнүүнү пландап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×