Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусуЧоң-Алай району 05.05.2017 12:17

Кыргыз-тажик чек арасында эки жолу жер титиреп, 7 жана 5 баллга жетти

Turmush -  Бүгүн, 5-майда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында очогундагы күчү 7 жана 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. 

Кыргызстандын Сейсмология институтунун берген маалыматы боюнча, саат 11:09да катталган жер титирөөнүн очогундагы күчү 7 баллга жетти. Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит жана Алга айылдарында 6-6,5 баллга, Баткен 4-4,5 балл, Ош шаарында 3 баллга сезилген.

Экинчи жолу саат 11:15те кайталанган жер титирөө 5 балл болуп, Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит жана Алга айылдарында 4 баллга, Баткенде 2,5-3 баллга сезилген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыйроолор боюнча маалымат такталып жатканын билдирди. 

Бүгүн, 5-майда саат 5:39да дагы Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталган. Казакстандын Сейсмологиялык методикалык экспедициясынын билдирүүсү боюнча, жер титирөөнүн очогу Кыргыз тоо кыркаларында, Чүйдөгү Токмок шаарынын түштүк-батышында жайгашты.

Жер титирөөнүн магнитудасы — 4,3, тереңдиги — 15 км болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×