Бөлүмдөр
Жума, 21-июнь
Нарын облусуНарын району 03.05.2017 09:57

Айыл турмушу: 53 жаштагы К.Бойжокова 19 жылдан бери шырдак жасап, киреше табат (фото)

Turmush -  Нарын районунун Эчки-Башы айылынын 53 жаштагы тургуну Калбүбү Бойжокова 19 жылдан бери шырдак жана кыздын себин жасап, киреше табат. Анын кол эмгектерин аймактык кабарчы көрүп келди.

Өзүнүн айтымында, кол өнөрчүлүктү кайненеси үйрөткөн.

«Мен 34 жашымдан бери кыздардын себин, бут кийим сүргүч, унаа жабдууларын, көлдөлөң, тердик жана шырдак жасап, аларды сатуу менен киреше табам. Буйрутмалар менен иштейм. Эмгектеримдин баасы 3 миң сомдон жогору болот. Ал эми, кыздын себин мал-жандыкка баалайм. Бул абдан жакшы иш экен. Бир шырдак 3 айда толугу менен даяр болот. Алгач сабоодон өткөн даяр жүндү чийге тепкилеп кийиз кылабыз. Кийиз катуу болуш үчүн 2 чака кайнак сууга шыпыргы менен суулап алабыз. Даяр болгон кийизге өң берип, ою түшүрүп, жээк салабыз. Кийиз тегиз болуш үчүн ийне менен жамап, үтүккө басабыз. Андан соң кийиздин алдыңкы бетине кара кийизди жамап, шырыйбыз. Андан кийин шырдак даяр болот. Келечекте чакан ишкана ачып, жаш келиндерге үйрөтүп, аларды жумуш менен камсыз кылайын деген оюм бар», - деди ал.

Чебер айым жолдошу И.Жакшылыков менен баш кошуп, бирге түтүн булатып жашагандарына 34 жыл болгон. Экөөнүн 5 баласы, 16 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×