Бөлүмдөр
Жума, 21-июнь
Чүй облусуЫсык-Ата району 03.05.2017 09:39

Айыл турмушу: Ысык-аталык 21 жаштагы А.Турдубекова Челябинск шаарынан өндүрүштүк тажрыйба алып келди (фото)

Turmush -  21 жаштагы Алина Турдубекова билим алуу менен гана чектелбестен спортто да ийгиликтерди жаратып, кол өнөрчүлүк жана сүрөт тартуу менен алектенет. Ал Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Өтөгөн айылында 1996-жылы төрөлгөн. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

«Учурда Кыргыз улуттук агрардык университетинде билим алуудамын. Кудай буйруса быйыл окууну аяктап, лаборант адистигин алам. 2015-жылы Россиянын программасы боюнча сынактан өтүп, Челябинск шаарында 6 ай өндүрүштүк тажрыйба алып келдим. Кыргызстандан жалпы 40 студент бардык. 6 айга стипендия төлөп беришти. Ал жерден өндүрүштүк практиканы мыкты деңгээлде өткөргөнүм үчүн мактоо баракчалар менен сыйландым. Бир топ жакшы тажрыйба жыйнап келип, өзүбүздөгү лабораторияда иштедим. Келечекте Кыргызстанга сапаттуу лабораторияларды ачкым келет», - деди ал.

Алина Турдубекова окуудан тышкары дзюдо ийримине 2 жыл катышып, бир топ ийгиликтерди багындырган.

«Ден соолугума байланыштуу азыр катышпай калдым. Машыктыруучу Марсел Мураталиевдин чакыруусу менен дзюдого катышып калгам. 48 кг салмакка чейинкилер арасында универсиадага 2 жолу чыгып, катары менен 3-орунду алдым. Көптөгөн мелдештерге чыгып, ардак баракчалар, медалдар менен сыйлангам. Бул ийгиликтериме ата-энемдин, бир туугандарымдын салымы чоң. Алар ар дайым мени колдоп келишет», - деди ал.

Ошондой эле, А.Турдубекова сүрөт тартканды, кийизден ар кандай буюмдарды жасаганды жактырат. Кол өнөрчүлүк боюнча атайын ийримге катышып, сабак алган. Үй-бүлөдө 3 бир тууган үчүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×