Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусуТоң району 28.04.2017 13:40

Айыл турмушу: Тоңдук К.Токтосунов булгаарыдан жасаган буюмдарын чет элдик туристтерге сатат (фото)

Turmush -  Тоң районундагы Бөкөнбаев айылынын 70 жаштагы тургуну Кайырбек Токтосунов өмүр бою кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Ал балдарын, неберелерин дагы кол өнөрчүлүккө үйрөткөндүгүн аймактык кабарчыга айтып берди.

«Булгаарыдан идиш-аяк жасоону чоң атамдан үйрөнгөм. Ал дагы өз кезинде белгилүү кол өнөрчү болгон. Идиштерди жасоого көп убакыт кетет. Алгач булгаары тандан алып, аны иштеп чыгып, көлөмүнө жараша кесип алам. Андан кийин гана чыныны даярдайм. Бардык иштер үчүн 2 ай убакыт кетет. Мындай чынылар чай, сүт, айран үчүн эмес, кымыз куйганга жасалат. Ал идиштер эч качан сынбайт жана бузулбайт. Бир чыны 500 сомго бааланат. Анын баасына карабай сатып алгандар көп», - дейт уста.

Мындан тышкары, кол өнөрчү уулу Улан менен бирге жаа жасашат. Аны жасоо үчүн жаныбарлардын мүйүзү керек. Ошондой эле, мүйүздөн түрдүү буюмдарды жасайт.

«Мен мүйүздөн кавказ бакалдарын, амулеттерди жана камчыларды жасайм. Кардарлар көбүнчө камчыга буйрутма беришет. Уулум Улан мен жасагандын баарын өздөштүрдү. Экөөбүз буйрутмаларды бат эле бүтүрөбүз. Жакында эле биздин ишке неберем дагы кошулду. Ал кол өнөрчүлүккө 1-2 саат бөлүп, калган убактысын окуусуна арнайт», - дейт ал.

Кайырбек аксакалдын жана баласынын эмгектери дүйнөнүн 60 өлкөсүндө бар. Кыргызстанга келген туристтер анын буюмдарын сатып алып кетишет. Аксакал кол өнөрчүлүктү баласына жана небересине үйрөткөнүнө кубанат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×