Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Талас облусуКара-Буура району 28.04.2017 11:40

Айыл турмушу: Таластык 17 жаштагы К.Тургунбекова 3 жылдан бери гүл сатып ишкерлик кылууда (фото)

Turmush -  Таластык 17 жаштагы Камиза Тургунбекова 3 жылдан бери бөлмө гүлдөрүн өстүрүп сатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Кара-Буура районунун Чолпонбай айылында туулган.

«3 жылдан бери гүл өстүрүп сатам. Үйдөн чоң апам, апам гүлгө абдан кызыгып өстүрүшөт. Гүлдү чоң апам ар тараптан чогултуп жүрүп көбөйтүп алган. Мен да кызыгып өстүрүп, аларды сатып тапкан киреше менен окуп жатам. Гүл баардык эле адамдын колунан өсө бербейт. Мисалы менин колумдан азалия гүлү бат өсөт. Апамдын колунан доллар, лимон гүлдөрү жакшы өсөт. Бул гүлдөрдү 2 күн сайын сугарып турам. Алардын баасы 150 сомдон 500 сомго чейин. Көбүнчө гүлдү таза жана көлөкө жерге багуу керек.

Учурда бөлмөгө көрк берүүчү мандарин, кыз-жигит, азалия ёлка гүлдөрүн сатып жатам», - деди ал.

Камиза үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×