Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусуЧоң-Алай району 27.04.2017 15:47

Чоң-Алайда жаштарды китеп окууга чакырган иш-чара өттү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 27-апрелде Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата Чоң-Алай районунда «Китеп билим алуудагы эң негизги баалуулук» иш-чараcы өттү. Бул тууралуу аталган райондун маданият бөлүмүнүн башчысы Бекназар Бакыбеков билдирди.

Иш-чарага Чоң-Алай районунун акиминин орун басары Саадат Туйгунова, райондук мечиттин имамдары, А.Саитов жана А.Мурзакулов атында орто мектебинин окуучулары, мугалимдер катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө жаштарды китепти сүйүүгө жана ыймандуулукка тарбиялоо максатында окуучулар тарабынан «Ыймандуу бала ата-энесинин бактысы» аттуу сахналык көрүнүш аткарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×