Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Чүй облусуКемин району 27.04.2017 10:04

Айыл турмушу: Кеминдик Тилек кыргыз тайгандарын карышкырга салып сыноодон өткөрөт (фото)

Turmush -  Кемин шаарчасынын 29 жаштагы тургуну Тилек Турсуналиев кыргыз тайгандарын багып келет. Ал тайгандары менен карышкырга мергенчиликке чыгууну көздөп жаткандыгын аймактык кабарчыга айтып берди.

«Кыргыз тайгандарды багып келе жатканыма 1 жылдын жүзү болду. Учурда менде экөө бар. Негизинен мен бала кезден кыргыз тайгандарын багууну жакшы көрчүмүн. Чындыгында накта таза кандуу кыргыз тайгандарын Көчмөндөр оюндарында көрдүм. Буга чейин деле көрүп жүргөм. Бирок, Көчмөндөр оюндарына таза кандуу мыкты тайгандар келди. Аларды көрүп аябай суктандым. Бул сүрөттөгү тайгандарды болсо таякемден алып келгем. Ал Таласта турат. Бир жолу үйүнө барып калсам, үйүндө таза кандуу тайгандар бар экен. Аларды көрүп эле, дароо суктанып карадым. Таякемден кызыгып сурап, бир топ кеңештерди алдым. Кийин тайгандарды Кеминге алып келүүгө туура келди» - дейт Т.Турсуналиев.

Анын айтуусунда, кыргыз тайгандары башка тайгандардан өзгөчө сапатка ээ.

«Бул тайгандардын өзгөчөлүгү анын тазалыгы, күлүктүгү анан жүрөктүүлүгүндө. Кыргыздын тайгандарда ушул мүнөздүн баары бар. Кээ бир тайгандар карышкыр менен алышканда бир тиштеп эле жеӊип алат. Аларды жүрөктүү тайгандар деп коет. Кээ бир тайгандар болсо алыстан үрүп, карышкырдын жанына жолой алышпайт. Арабдардын тайгандары чөлдө гана чуркай алат экен. Казактардыкын деле алсак, алардын тайгандары да мыкты, бирок антседа кыргыз тайгандарына жетпейт. Анткени биздин тайгандар тоодо жана түздүктө да чуркай алышат. Мен тайгандарымды карышкырга сала элекмин. Эми мергенчиликке чыкканда кошо алып чыгып, сыноодон өткөрөбүз. Келечекте, кыргыздын мыкты таза кандуу тайгандарды көбүрөөк өстүрүп, бардык аймактарга жеткирсем деген тилегим бар. Тайгандарды баккан өзүнчө рахат. Ата-энем, келинчегим да тайган багууну колдоп келишет» - дейт жаш мергенчи.

Т.Турсуналиев 1988-жылы Кемин шаарчасында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, бир баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×