Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Чүй облусуСокулук району 26.04.2017 17:58

Айыл турмушу: Ж.Акылбек кызы иштеген мектептин китепканасында электрондук китептер бар (фото)

Turmush -  Сокулук районундагы Давха-Сокулук мектебинин китепканачысы Жанара Акылбек кызы бул жумушту китепти жакшы көргөндүгүнөн улам тандап алган. Ал китепканага кирген ар бир балага көңүл буруу менен, алардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттырып келет. Жанара менен аймактык кабарчы таанышты.

«Бул жумуш башынан эле жакчу. Себеби өзүм китеп окууганды абдан жакшы көрөм. Бир эле убакта бир нече китепти ачып алып, баарын окуп салгым келет. Биздин мектепте китепканага абдан жакшы көңүл бурулат. Айрым мектептерде жок үнү менен 3D электрондук китептер, балдарга кызыктуу жомоктор, энциклопедиялар бар. Негизи китепканада 8 миңден ашуун китептер бар. Окуучуларым китеп окууганга абдан кызыгышат. Айрыкча башталгыч класстын окуучулары жомок китептерди үзбөй окушат. Мен да аларды кызыктыруу максатында чогуу китеп окуп, аларга кайсы китепти окуш керек экендигин айтып, мазмунун түшүндүрүп берем. Анын үстүнө бизде чыгармачыл балдар да көп. Жакында бир окуучубуздун ырлар жыйнагы жарык көргөнү турат. Анын китебин да китепканабызга коёбуз. Ошол эле маалда, атактуу акындарды чакырып, окуучулар менен жолугушууну уюштуруп берип турабыз. Бул да китеп окууга болгон кызыгууну арттырат», - деди жаш китепканачы.

Жанара 3-класстын окуучусу А.Абдыкадыров менен бирге китептерди иреттеп, айрылып калган барактарын чаптап чыгарын да кошумчалады.

«Китепканага келе турган окуучулар көп. Бирок, алардын ичинен өзгөчө 3-класстын окуучусу Аманат Абдыкадыровду баса белгилегим келет. Ал окуучум бардык жомокторду окуп чыккан жана баарын тең жаттап алгандай айтып берет. Мен аны «сен китептердин дарыгерисиң» деп коём. Анткени, айрылып калган китептерди ал экөөбүз чогуу «дарылайбыз». Ал бош убактысында мага жардам берет», - деди ал.

Жанара Акылбек кызы 1989-жылы Жумгал районундагы Миң-Куш айылында төрөлгөн.

«Биз Нарындан Сокулук районуна 10-класс кезимде көчүп келгенбиз. К.Шопоков атындагы №3 мектепти 2007-жылы кызыл аттестат менен аяктаган соң, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин география, экология жана туризм факультетине өтүп, аны болсо 2012-жылы ийгиликтүү бүттүм. Сентябрь айынан баштап өзүм окуп бүткөн мектепке биология сабагынан мугалим болуп кирдим. Ал жерде 2014-жылга чейин иштеп, турмушка чыгып кеттим. Кийин Москва районунун Петровка айылындагы Черняховский атындагы мектепке мугалим болуп иштеп калдым. Андан кийин, 2015-жылдын декабрь айынан тартып Давха-Сокулук мектебинде китепканачы болуп кызматка орноштум», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×