Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Баткен облусуБаткен району 26.04.2017 16:12

Айыл турмушу: Балык чарба иштеткен баткендик Н.Тилеков бышырган балыгын 500 сомго баалайт (видео)

Turmush -  Баткендик Нурмухамед Тилеков өзүнүн короосунда балык чарба иштетип жатат. Аймактык кабарчы балыкчыдан кабар алды.

Анын айтымында, мындан 2 жыл мурун, короосундагы көлмөгө 21 балык алып келип таштаган. Учурда көлмөдөгү балыктын санын өзү да билбейт.

«Мен балык кароого кызыгам. Атайын көлмө кылып ага балыктарды алып келип карадым. Учурда балыктын көбөйүүcү жакшы. Ар бири өтө көп урук таштагандыктан санын билбейм», - деди ал.

Ал балыктарды бышырып сатып жүрсө, учурда балыктар урук чачып жаткандыктан сатууну убактылуу токтотту. Балыктарынын салмагы 1 кг 8 кг чейин. Жай айларынан тартып балыкка болгон буйрутмалардын саны көбөйөт.

«Балыктар уругун таштап бүтөөрү менен бышырып баштайм. Андан өтө жакшы киреше түшөт. Ар бир бышырган балыктын баасы 500 сомдон жогору бааланат», - деди Тилеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×