Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Талас облусуМанас району 26.04.2017 09:30

Айыл турмушу: Манастык дыйкан У.Боромбаев 3 гектар жерге болгар калемпирин тигип жатат (фото)

Turmush -  Манас районунун Жийде айылынын тургуну Урмат Боромбаев бир нече жылдан бери 3 гектар жерине болгар калемпирин өстүрүп келет. Аймактык кабарчы дыйкандан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, ар бир гектардан 30 тоннадан ашык түшүм алат. Түшүмдү базар шартына жараша россиялык ишкерлер 8 сомдон 15 сомго чейин алып кетишет.

«Андыктан аны өстүрүүгө кеткен каражат, акталып, үй-бүлөмө да жакшы киреше алып келет. Болгону жаратылыш кырсыктары гана өзүнүн кедергисин тийгизет. Анткени өткөн жылы катуу жааган мөндүр аралаш жаан талааларда өсүп турган жашылча-жемиштердин түшүмүнө оор зыян келтирди», - деди ал.

Дыйкан буга катар эле, үйүнүн короосундагы күнөсканада калемпирдин, капустанын, пияздын уруктарын өстүрөт. Алар азыр отургузууга даяр болуп калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×