При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Кара-Булактын айрым тургундары айыл башчысы шайлоо туура эмес өткөндүгүн айтышууда

Turmush -  Баткен районундагы Кара-Булак айылынын башчысын шайлоодо элдин пикири эске алынган жок. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти. жаныдан шайлоо учун болуп откон шайлоого жергиликтуулор нааразы.

Алардын айтымында, шайлоонун жүрүшү талаптарга жооп бербей, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү элди укпай туруп Замирбек Абдырахмановду шайлап коюшту.

Айыл тургуну Мария Матраимова шайлоо 4 мүнөттө гана аягына чыгып калганын, айыл башчылыкка коюлган талапкерлердин аты-жөнү да аталбагандыгын билдирди.

«Биздин үнүбүздү уккан адам болгон жок. Эл менен саламдашып да коюшпады. Жаңыдан дайындалган айыл башчыны да куттуктабай туруп шаша-буша кетип калышты. Бул туура эмес да», - деди ал.

Ал эми, Кара-Булак айылынын мурдагы башчысы Канаат Аширалиева да шайлоонун чындыгында туура эмес өттү деп, эл колдой тургандыгын айтты.

(К.Аширалиева)

3

«Өкмөттүн ою мени иштен кетиргенден соң менин ордума өкмөттүн сызган сызыгынан чыкпаган адам керек болуп жатат. Мен аларга акча жедирбегеним үчүн ушул ишке барып жатышат. Мынчалыкка баруунун кажети жок эле. Жөн гана сый-урмат менен иштен бошотуп коюшса болмок», - деди Аширалиева.

Кара-Булак айыл аймагынын башчысы Ачылбек Бекташев шайлоо мыйзамдуу өткөндүгүн айтты.
«Антип арызданып кайрылгандар бир тараптуу туугандар болуп алышып, ар кандай сөздөрдү чыгара беришет. Шайлоо туурасында айтылган сөздөрдүн баары калп. Биз дүйшөмбү күнү шайлоо жөнүндө элге жарыя кылганбыз жана элдин сунушу менен 4 киши талапкерликке көрсөтүлгөн. Тургундар бүгүнкү күндү өздөрү билип келишти жана шайлоонун мөөнөтү 4 бүтүп калган жери жок. Көп эле убакытка созулду.

Ал эми, жаңыдан шайланган Замирбек Абдырахманов эл арасынан көп добуш алгандыгы үчүн айыл башчысы болуп дайындалды», - деди Бекташев.

Шайлоого 4 талапкер: Шайдилла Нишанов, Алибай Айдаров, Замирбек Абдырахманов жана мурдагы айыл башчы Канаат Аширалиева ат салышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 502
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×