При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Чаткалда сууга агып кеткен коруктун кызматкерин издөө үчүн атайын топ түзүлдү

Turmush -  Кечээ, 20-апрелде Испара суусуна аты менен агын кеткен Чаткал районундагы Беш-Арал коругунун кызматкерин издөө үчүн атайын топ түзүлдү.

Ак-Таш айылынын башчысы Таалай Кочкоров билдиргендей, коруктун кызматкери иш учурунда Испара суусуна агып кеткен.

«Беш-Арал коругунун кызматкери Ак-Таш айылынын тургуну болчу. Испара суусуна аты менен түшкөндө, суу агызып кеткен. Ат суудан чыгып кетип жаран чыга албай калган. Испара суусу Чаткал дарыясына кошулгандыктан сууга аккан жаран Чаткал дарыясында изделүүдө. Учурда атайын топ түзүлүп, ӨКМдин кызматкерлери менен биргеликте издөө  иштери жүргүзүлүүдө», - деди Т.Кочкоров.

Сууга агып кеткен жаран 62 жашта. Анын 6 уулу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 600
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу