Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Жалал-Абад

Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Кожошованын ишине болгон нааразычылыкты атайын комиссия текшерүүдө (фото)

Turmush -  Кечээ, 20-апрелде Кара-Көл шаарынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Кожошованын ишмердүүлүгүнө байланыштуу нааразычылык боюнча акыйкат чечим чыгаруу максатында Билим берүү жана илим министирлигинин буйругу менен түзүлгөн комиссия жолугушуу өткөрүп, арызданган тараптын көйгөйлөрүн укту. Бул тууралуу Тurmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Иш-чарага шаар мэри И.Еркеев, шаардык кеңештин төрөгасы К.Уметов, КРнын Билим берүү жана илим министирлиги тарабынан түзүлгөн комиссиянын төрөгасы Б.Жолдошев, ички аудит бөлүмүнүн башчысы А.Кусеинова, мектепке чейинки, мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын адиси Э.Каныбеков, Укуктук камсыз кылуу жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын адиси А.Токтосунов, Жалал-Абад облусунун билим берүү усулдук борборунун директору жана шаардагы мектептердин директорлору, мекеме-ишканалардын жетекчилери, мугалимдер, шаардык кеңештин депутаттары, шаардык аксакалдар соту, аксакалдар кеңеши, аялдар кеңешинин өкүлдөрү катышты.

Бул иш-чаранын негизги максаты Жалал-Абад облусунун билим берүү усулдук борборунун директору А.Токтосуновдун 2017-жылдын 7-мартындагы №114 каты, шаар башчы И.Еркеев менен шаардык кеңештин төрөгасы К.Уметовдун ушул жылдын 14-февралындагы сунушу жана шаардык мектепке чейинки балдар бакчаларынын жетекчилеринин, шаардын мектептеринин директорлорунун, мугалим жана ата-энелерден түшкөн арыз кайрылуулардын негизинде нааразычылыктарды кароо менен мыйзам чегинде акыйкат чечим чыгаруу болуп саналат.

Шаардык деңгээлде өткөрүлгөн жолугушууда мектеп директорлору, мугалимдер жана балдар бакчасынын башчылары Д.Кожошованы мамлекеттик кызматта иштегени менен мыйзамсыз иштерди көп жасагандыгы айтылды. Жамааттын ичиндеги ынтымак ыдырап, акыркы 7-8 айда мугалимдер өз ара бөлүнүп, интрига, ушак-айыңдар күчөп жаткандарын айтышты. Мындан сырткары, каржылык жактан бир катар мыйзамсыз иштерди жасагандыгы боюнча шаардык прокуратура иш алып барып жатышканын билдиришти.

Дамира Кожошова

1

«Дамира Манаповна өзү мамлекеттик кызматта иштегени менен мыйзамга туура келбеген иштерди көп жасайт. Кадрларды ишке алууда вакансиялык сынакты жашыруун өткөрүп, өзүнө караштуу кишилерди алат.

Ал эми этикалык жактан караганда анын мектеп директорлоруна, билим берүү жаатындагы иштегендерге жасаган мамилеси нормаларга жооп бербейт. Маселен, мектеп директорлорунун баарына «дөдөй», «үлпөткан», «көк мээ», «былжырак» деген каймана ат коюп алган. Эч кимдин сөзүн, сунушун укпайт, сөз катары санабайт. Анын бир айткан сөзү баарыбыз үчүн мыйзам болчу. Мурда №6 мектептин директору болуп иштеген Ш.Токтосунов менен 6-7 жылдан бери соттошуп жүрдү. Ошол учурда 3 баланын убалына калды. Аларды жогорку окуу жайларынан окуп жаткан жерлеринен документтерине байланышкан ар кандай себептерди таап, айдатып ийди», - деди билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Венера Исмаилова.

Ал эми Бабакан атындагы башталгыч мектептин директору Т.Сандыбаев министрликтен келген комиссияларга кайрылып, алар жөн жерден арыз жазышпагандыгын белгиледи.

«Дамира Манаповнанын дарегине айтылып жаткан нааразычылык айла кеткенден улам болууда. Мен Д.Кожошованы коргоп да жүрдүм. Д.Кожошова шаардын мэри мугалим менен директорлорду кысымга алып, ушул нааразычылыктарды уюштуруп, аны жетекчи катары куугунтукка алып жатат деп жогорку жакка кайрылып жатканын уктук. Бул жерде мэрдин тиешеси жок. Биз мектеп директорлору, аксакалдар кеңеши жана аксакалдар соту, аялдар кеңеши, шаардык кеңешке чейин кайрылдык. Билим берүү бөлүмүн менчиктештирип алгандай мамиле кылат. Каржылык жагын, билим берүү жагын да менчиктештирип алгандай. Кадрдык маселеде өзү каалаган кишисин ишке алат же иштен алат. Мектеп директорлорунун баарынын карыздары бар. Ал канцтоварга алынган карыздар. Эртең бирөөбүз ошонун кесепетинен жоопкерчиликке тартылабыз. Ата-энелерден түшкөн нааразычылык көп. Жөнү жок иш-чараларды өткөрүүгө даярдануу убагында окуучулар бир ай сабак окубай калышууда», - деди ал.

Шаар башчысы И.Еркеев мындан ары билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Кожошова менен иштеше албай турган позициясын ачык айтты.

«Жетекчи кол алдындагы чогуу иштешкендеринин ынтымагын чындап, иштеген ишине шарт түзүп, колдоо көрсөтүп, анан иштин жыйынтыгын талап кылуу керек. Ар бир жетекчи бирөөнүн аброюна шек келтирүүгө акысы жок. Жетекчи болсо дагы мыйзам чегинде этиканы сакташы керек. Былтыр күз-кыш мезгилине шаардагы мектептердин даярдыгы жоктугунан, мугалим, мектеп директорлорунун арыз кайрылуусунун негизинде ага коллегияда сөгүш бергенбиз. Ал менен катар салык кызматынын жетекчиси жана каржы башчысы сөгүш алган. Алар өз кемчиликтерин сезип, унчуккан эмес. Ал эми Дамира Манаповна ошол коллегияда жаман сапаттарын көрсөттү. Мен бул жетекчи менен иштеше албаймын», - деди ал.

Шаардык кеңештин төрөгасы К.Уметовдун айтуусунда Д.Кожошова мугалим катары өзүнүн ишин жакшы алып барат. Бирок, жетекчи катары ишти тиешелүү деңгээлде алып бара албайт. Ал эми, шаардын ардактуу атуулу Адыл Дарбишев Д.Кожошовага өз калоосу менен арыз жазып кетүүнү сунуштады.

«Жамаат каршы болгондон кийин иш болбойт. Ал эмес премьер-министр, министирлер өз арызы менен иштен кетүүдө. Жамааттын 51%ы каршы, 49%ы сизди колдоп, министрликтен келген комиссия ордуңузга калтырып кеткен күндө да кантип иштейсиз? Өз колуңуз менен арызыңызды жазып кетсеңиз жакшы болот эле», - деди ал Д.Кожошовага кайрылып.

Жолугушуунун жүрүшүндө өз кезегинде шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Кожошова өткөн жылдын август айынан бери мындай жолугушуулар бир тараптуу уюшулуп, бир жактуу каралып жаткандыгын айтты.

«Шаардык аксакалдар соту, аксакалдар кеңеши, аялдар кеңеши мага нааразычылык билдирүүдө. Шаар мэри Ильяз Марсович август айынан бери жетекчи катары куугунтуктап келе жатат. Менин жаман кыялдарым, мүнөздөрүм бардыр. Өз каалоо менен жумуштан кетүү сунушун ойлонуп көрөм. Бул иш боюнча Башкы прокуратурага да кайрылдым. Билим берүү тармагына аздыр-көптүр салымым бар. Мен кызматка келген жылдары билим сапаты 37%ды түзсө, бүгүнкү күндө 50%га чыкты. Бул менин жалгыз эмгегим эмес, бүтүндөй жамааттын аракети артында ийгилик жаралды. Мектепте кылмыштуулукту жоюу максатында кечелерди көп уюштуруп жатабыз. Анткени окуучуларды эстетикалык жактан туура тарбиялоо керек. Эгерде мен ката кетирсем кечирип койгула», - деди Дамира Кожошова.

Жолугушуунун акырында министрликтен келген комиссия мүчөсү А.Токтосунов акыркы үч жылда Кара-Көл шаарынын билим берүү тармагынын рейтинги төмөндөгөнүнө токтолду.

«Облуста 8 район, 5 шаар бар. Кара-Көл билим берүү жаатында республикалык предметтик олимпиададан рейтинг боюнча 10-орунда турат. Ал эми облустун деңгээлинде 8-9-орунда кетип жатат. Дамира Манаповнага коюлган дооматтар далилденгени да болуп жатат. Орой жасаган мамилеңиз, кадрларды ишке алууда мамлекттик кызматка кабыл алуунун талаптары сакталбаганы да далилденүүдө. Жаңы келген кызматкерлерге караганда тажырыйбалуу мугалимдер иштетсе жакшы болмок. Инспектор адистерди өзүнчө жобонун негизинде, ал эми метод бөлмөгө 7 жылдан кем эмес тажырыйбалуу адисти ишке алуу керек. Билим сапаты эмнеге түшүп кетүүдө. Шаарга жакшы ийгилик алып келген мугалим менен окуучунун эмгегин балоо керек. Бул нааразы болгон жарандардын укугун билим берүү бөлүмүнүн профсоюңдук уюму карап, бул маселени көтөрүп чыгыш керек эле. Кара-Көлдүн жергиликтүү бийлигиндей билим берүү тармагына бир да шаар же райондо12 млн сом акча каралганын көрө элекмин. Демек, шаардык депутаттар корпусу, шаардык мэрия, билим берүү бөлүмүнө көз карашы түз, колдоосу жакшы экен. Мэр өз каражатынан бул бөлүмгө автобус бөлүп берип жатат. Жалпы республикалык тестирлөөдөн, предметтик олимпиададан Кара-Көл шаарынын жыйынтыгы канааттандырарлык эмес», - деди ал.

Жолугушуунун жыйынтыгында министрликтен келген комиссия курамы Д.Кожошованын билим берүү тармагындагы ишмердүүлүгүн бүтүндөй мыйзам чегинде текшерип, Билим берүү жана илим министирлигине жогорудагы арыздарды жеткирип, туура, акыйкат чечим кабыл алышарын билдиришти.

Ал эми бүгүн, 21-апрелде комиссиялык топтун өкүлдөрү билдиришкендей, алар бул маселе боюнча 3 күн текшерүү жүргүзүшкөн. Алар бүтүндөй нааразычылыктарды эске алып, аларга кайрылган аялдар, аксакалдар кеңеши, аксакалдар соту, мектеп директорлору, мугалимдердин арыздарын топтоп, жолугушууларда айтылган нааразычылык, кайрылууларга тактама жазып, 83 барактан турган документти Билим берүү жана илим министрлигине алып барышып, министрге сунуш беришерин белгилешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2156
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×