При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Депутат Ө.Текебаевге коррупция боюнча акыркы тергөөлөр менен айып тагылды, - УКМК

Turmush -  Ата-Мекен фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана мурунку Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде (коррупция) акыркы тергөөлөр менен айып тагылды. Бул тууралуу АКИpress агенттигине УКМКдан билдиришти.

24892

Бүгүн, 21-апрелде Бишкектеги Биринчи май райондук соттун имаратынын алдына Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынны лидери Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары чогулган. Алар соттон акыйкат чечим чыгарууну талап кылышкан.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Ө.Текебаевди УКМКнын тергөө абагына 2 айга – 25-апрелге чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алган. Жактоочулардын арызынын негизинде бул ишти 9-мартта Бишкек шаардык соту карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

УКМКнын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, депутатка жактоочунун катышуусунда КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 303-берененин 1-бөлүмү (коррупция) менен айып тагылды.

25-февралда Башкы прокуратура ЖК депутаты Өмүрбек Текебаевге жана башка кызмат адамдарына карата россиялык бизнесмен Леонид Маевскийдин арызынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 303-берененин 1-бөлүмү (коррупция) жана 166-берененин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттары (алдамчылык) менен кылмыш иш козгогон.

Ө.Текебаев 26-февралга караган түнү Стамбулдан учуп келгенде «Манас» аэропортунан кармалган.

Ал эми, Д.Чотонов 26-февралда суракка чакырылган. Аны камакка алуу чечими чыгарылып, 2 айга — 25-апрелге чейин камакка алынган.

1366739.1.1488079421

25-февралда Башкы прокуратура ЖК депутаты Өмүрбек Текебаевге жана башка кызмат адамдарына карата КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 303-берененин 1-бөлүмү (коррупция) жана 166-берененин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттары (алдамчылык) менен кылмыш иш козгогону белгилүү болгон. Тергөө иштерин жүргүзүү ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1969
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу