Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 11-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Ош

Ошто подполковниктин өлүмүнө шектелгендер кыйноого алынганын айтууда

Turmush -  Ош шаарында подполковник Т.Уларовду өлтүрүүгө шектүү делип кармалган үй-бүлөнүн мүчөлөрү бүгүн, 21-апрелде АКИпресс-Ошто маалымат жыйын өткөрүштү. Алар милиция тарабынан кыйноого алынып, кылмышты мажбурлоо менен моюнга алдыруу ыкмасы колдонулганын айтууда.

Бул боюнча Ош шаардык прокуратурасына, Башкы прокуратурага арыз менен кайрылып, ишти УКМКга өткөрүп берүүнү суранышкан. Күйөөсү, иниси, 18 жаштагы баласы кармалган Наргиза Ражапова окуя тууралуу айтып берди.

«Мен дүкөндө иштейм. Подполковник иштеген имарат дүкөндүн алдында жайгашкан. Ал жерде иштегендер мага кардар катары тааныш. Уларовду да кардар катары тааныйм. Буга чейин дүкөнгө ууру киргенде да ага айткам. Окуя болгон күнү аны менен уурулук боюнча телефондо сүйлөшкөнбүз. Ал менден 5 миң сом карыз алган. Ошондой эле, «телефонго бирдик салып кой» деп телефон чалган эле. Ошол сүйлөшүүлөр версия катары айтылып жатат. Мен аны менен ойнош болгон эмесмин. Менин күйөөм, балдарым бар.

Окуядан кийин милиционерлер бизди кармап барып, мени күнөөлөй башташты. "Кат жазгансың, телефондо сүйлөшкөнсүң" деп күнөөлөштү, "бузулган аялсың" деп тилдешти. Бизди кармап баргандан кийин инимди кыйноого алышты. Анын эстен танып жаткан жерин өз көзүм менен көрдүм. Менин да шымымды чечип, кыйноого алышты. Анын кесепетинен эгиз балдарым боюмдан түшүп калды. Бизди эки күн бою кыйноого алышты. Андан улам күйөөм күнөөнү мойнуна алууга мажбур болду. Учурда ал СИЗОдо жатат. Кыйноого алынганыбызды далилдеген, курсагымдагы эгиз балдарымды жоготконум боюнча тиешелүү кагаздар бар. Инимди күйөөмө көмөктөшкөн деп күнөөлөп жатышат. Алгач күйөөмдү, инимди, баламды жана мени кармашкан. Кийинчерээк уулум экөөбүздү бошотушту», - деди ал.

Айыпталуучу тараптын жактоочусу А.Карабаева да шектүүлөр кыйноого алынган деген пикирде.

«Окуя болгон жерде Наргиза менен подполковник унаада отурган эмес, эч кандай күбө жок. Учурда тергөө амалдары жүрө элек. Тергөөгө далил буюм же күбө жок. Телефондогу сүйлөшүү гана жалгыз версия. Биз калыстык үчүн УКМК тергөө жүргүзсүн деп сурандык. Баары мыйзам чегинде болушу керек», - деди жактоочу.

Маалымат жыйында айтылгандарды Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыков четке кагып, жоопкерликтен качуу деп сыпаттады.

«Шектүү күнөөнү кармалганда эле мойнуна алган. Эч ким милиция тарабынан кыйноого алынган жок. Жоопкерчиликтен качуу максатында гана ушундай сөздөр айтылып жатат», - деди З.Сыдыков.

Окуя тууралуу:

2017-жылдын 23-мартында саат 15:30 чамасында Ош шаарына караштуу Учар айылынын канал бойлой кеткен Набережная кѳчѳсүндѳ жолдун боюнда токтоп турган кѳк түстѳгү «Митсубиси» үлгүсүндѳгү унаанын ичинен киши колдуу болгон адамдын денеси табылган. Ал 1973-жылы туулган ИИМдин мыйзамсыз баңгизаттарды жүгүртүүгѳ каршы күрѳшүү боюнча башкармалыгынын тескѳѳчү-коменданты, милициянын подполковниги Т.Уларов экени аныкталган. Алгачкы тергѳѳнүн жүрүшүндө маалым болгондой, ал башынын арткы тарабына урулган оор соккудан улам каза болгон.

Т.Уларов

ТУ

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам ѳлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Маркум 21-март күнү үйүнѳн чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2108
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×