Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Талас

Айыл турмушу: Таластык зергер С.Сейиталиев 3 саатта бир шакек жасайт (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Чоң-Кара-Буура айылынын 33 жаштагы тургуну Самат Сейиталив 17 жылдан бери элге зергерчилик кызматын көрсөтүп келет. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жогорку окуу жайды аяктап, Бишкекте белгилүү зергерчилик ишканада иштеген. Кийин 2005-жылы атасынын сунушу менен Таласка кайтып келип, зергерчиликти туулган жеринен уланткан. Чоң аталары да уста адамдар болушкан. Элеттеги ишмердиги эскилиги жеткен күмүш, алтын буюмдарды оңдоодон башталган. Көп өтпөй райондун борборуна өзүнүн устаканасын ачкан. Көбүнчө күмүш менен иштейт. Керектелүүчү материалдарды Бишкек шаарынан алып кетип, буйрутма менен шакек, билерик, моюнга тагылуучу чынжырчаларды жасайт. Жасаган буюмдардын эң кымбаты 1,5 айда жасалып, 35 миң сомго сатылган чач күбөк болгон. Колго тагылуучу билериктерди 10 миң сомго чейин саткан. Асем буюмдардын баалары анын сапатына, калыңдыгына жана түшүрүлүп жаткан оюуларынан көз каранды.

Зергер тынбай иштесе 1 шакекти 3 саатта жасай алат. Жасап жаткан буюмдарына кооздук берүү үчүн бирюза, малахит, кара агат таштарын колдонот. Көп учурда кардарлар өздөрүнүн күмүштөрүн алып келет. Ал күмүштөр таза болбой,латунь кошулмалары чыгып, ээриткенде күмүш жокко эсе болуп калат. Зергер күнүнө оңдоо иштеринен 1000 сомго чейин, айына кеминде 10 миң сом пайда табат. Келечекте устакананы кеңейтип, 3-4 кишини жумуш менен камсыз кылууну пландап жатат.

«Түшүрүлүп жаткан оюмдар кардарлардын табитине жараша болот. Бардык кыргыз зергерлерине таанылып калган ит куйрук, карга бут, бугунун мүйүзү, умай эне деген оюмдар түшүрүлөт.
Апалардын чачына тагылуучу чач күбөктүн салмагы 300-500 граммга чейин болот. Чач күбөк аны колдонуп жүргөндөрдүн белин түз кармап турат», - деди ал.

Зергер жубайы Айсара Сүйүнбекова экөө 1 уул, 2 кызды өстүрүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2116
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×