При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Айыл турмушу: Таластык 72 жаштагы Гүлбарчын апа дыйканчылыкты уулу менен келинине үйрөтүп жатат (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун 72 жаштагы тургуну Токтогулова Гүлбарчын апа 10 жылдан бери күнөскана иштетип, жашылчалардын көчөттөрүн өстүрөт. Аймактык кабарчы дыйкан апа менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, узундугу 11 метр болгон 6 күнөсканасы бар.

«Ушул кылган мээнетим менен сезондо орточо эсеп менен 30 миң сомдон ашуун киреше алам. Азыркы учурда 2 күнөсканага пияз, 2 күнөсканага помидор, капуста, калемпирдин көчөттөрүн өстүрүп жатам. Буларды сепкенден кийин 3 күн сайын сугарып туруу зарыл. Убагы менен отоп турам. Негизи 3 күндө бир тооктун кыгын чачып турса жакшы өсөт. Көчөттөрдү атайын базарга алып чыгып сатпайм. Айыл ичинен, коңшу айылдардан келип алып кетишет. 10 жылдан бери ушул иш менен алектенип, оокатыбызды таап келебиз. Уулум Данияр менен келиним Камилага да билбегендерин үйрөтүп турам», - деди ал.

Гүлбарчын апа 8 баланын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 807
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу