При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 30-апрель

Кадамжайда 3500 гектар жерди өздөштүрүүгө өбөлгө түзүүчү дюкер ачылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 21-апрелде Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында курулган Бүргөндү дюкери ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарада дюкерди куруу менен жаңыдан 3500 гектар жер өздөштүрүлүп, 4000 кожолуктун турак жай маселеси чечилип, Өзбекстан менен 17,5 км аралыктагы чек ара тилкеси бекемделе турганы белгилүү болду. Дюкердин узундугу 1560 метр. Суу өткөрүүчү эки даана түтүктүн (дюкер) 114 км ички чарба аралык каналдар болсо, 3150 метри магистралдык канал.

Анын ачылышына өкмөт башчы Сооранбай Жээнбеков, Президенттин аппаратынын башчысы Сапар Исаков жана президенттин кеңешчиси Икрам Илмиянов жана жергиликтүү тургундар катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3560
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×