Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 11-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Нарын

Жумгалдык окуучуларга экстремизм жана терроризм тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү (фото)

Turmush -  Ушул жылдын 10-апрелинен тартып 19-апрелге чейин Жумгал районунда Ыйман, адеп жана маданият жылына карата жаштарды ыймандуулукка, адептүүлүккө, маданияттуулукка тарбиялоо менен бирге «Диний экстремизм, терроризмден алыс болуу» деген темада түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул иш-чарага Нарын облусунун райондук администрация башчылары, облустук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери, Нарын облустук казыятынын мечит жана окуу бөлүмүнүн адиси Сейит Исаев, «Адеп башаты» фондунун мүдүрү Максат Таласбаев, Нарын медресесинин мүдүрү Баатырбек Жакыпов катышты.

Алгачкы жолугушуу Жумгал районунун Жумгал айылындагы Мыскал Өмүрканова атындагы орто мектебинде өттү. Чогулган окуучуларга экстремизм, терроризм тууралуу айтылып, Нарын казыяты тарабынан тартылган тасмалар көрсөтүлдү. Мектеп мугалимдери менен окуучулар адистерге өздөрүнүн суроолорун берип, жоопторду алышты.

Акыркы жыйын 19-апрелде Миң-Куш айылынын Жусуп Сары уулу атындагы мектебинде болду. Эми бул иш-чара май айында Кочкор районунда өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1323
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×