Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Ак-Сууда 24 ветеринарга мотоцикл берилди (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунда 24 ветеринарга мотоцикл берилди. Бул тууралуу райондук ветеринардык башкармалыктын башчысы Марат Асанканов билдирди.

Анын айтымында, райондо жалпы 35 дарыгер бар.

«Айыл чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1» долбоорунун алкагында 24 ветеринардык дарыгерге мотоциклдер, андан сырткары 700 долларлык жабдыктар берилди», - деди М.Асанканов.

Теплоключенка айылынын башкы ветеринары Таалайбек Шабданов жергиликтүү мал доктурларга жакшы колдоо болгонун билдирди.

«Айыл өкмөт райондун борбору болгондуктан айылда 20 миңдей кой, 8 миңдей бодо мал, 2 миңден ашык жылкы бар. Айыл өкмөткө 4 ветеринардык дарыгер бекитилген. Үчөөбүз мотоцикл алдык. Эми тейлөөгө жетишебиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 446
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×