При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Тарых инсаны: Социалисттик эмгектин баатыры Р.Юсуповдун 19 уйу бир жылда 21 баш музоо тууп, рекорд койгон (фото)

Turmush -  Сокулук районунун 69 жаштагы тургуну Рысбек Юсупов Казакстанда төрөлгөн. Кийин ал аталган районго көчүп келип, «Кыргызстан» кант кызылча тажрыйба-селекция станциясында көп жыл эмгектенген.  Социалисттик эмгектин баатыры Р.Юсупов бир жылда 19 баш уйду 21 башка көбөйтүп, рекорд жасаган. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышып келди.

WhatsApp Image 2017-04-21 at 08.31.15

«1948-жылы Казакстандын Жамбыл облусундагы Жамбыл районунун Абай айылында төрөлүп, ошол жерде өскөм. Эмгек жолумду 1963-жылы «Жамбыл» тажрыйба-селекция станциясынан баштагам. Кийин 1966-жылы өзүмдүн мекениме келип, Сокулук районунда жайгашкан «Кыргызстан» кант кызылча тажрыйба-селекция станциясынын сүт-товар фермасында машина менен сүт саап алуучу болуп эмгектенгем. Ошол кезде чарбаны Жамин Акималиев жетектеп турган. Ал чарбанын өнүгүшүнө чоң салым кошту. Кеңеш өкмөтү тарагандан кийин, ушул сыяктуу өлкөнүн казынасын толтуруп турган чарбалар талкаланып, биз башка жумуштарга кеттик. 1990-жылы мен баккан 19 уй 21 баш музоо тууган. Анда, бир уй 3 эгиз музоо тууган эле. Ошол эле жылы 19 уйдан 7 миң 225 кг сүт саап алып, өлкө боюнча рекорд койгом. Мындан улам мага Социалисттик эмгектин баатыры деген наамды беришти. Негизи 6 миң 500 литр сүт алып жүрчүмүн. Биз баккан уйлар жергиликтүү Ала-Тоо тукумундагы уйлар болчу. Анын баарын кийин жок кылышты. Эми гана кайрадан ойлонуп, айыл чарба, мал чарбаны көтөрөбүз деп жатышат. Бул тукум илимий изилдөө менен аргындаштырылып чыгарылган. Сүт, эт көп берген жакшы уйлар болчу. Анын үстүнө ошол убактагы зоотехниктер менен мал дарыгерлердин эмгеги чоң эле. Изилдөөнүн, эмгектенүүнүн үстүндө жүрүшчү», - деди ал.

Рысбек Юсупов үч жолу Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь революциясы ордендери менен сыйланган.

«Ал ортодо 1970-1987-жылдары Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты болдум. ВДНХнын алтын жана 3 күмүш медалдары менен сыйландым. Эмгектеги жетишкен ийгиликтерим үчүн ВЛКСМ Кыргыз обкомунун сыйлыгын алып, Кыргыз ССРнин мамлекеттик сыйлыгына лауреаты болгом», - деди Рысбек ата.

Учурда байбичеси экөөнүн 1 уул, 4 кызы жана 7 небереси бар.

«Кыздарымдын улуусу 50 жашка жакындап калды. Эң кичүүсү 33кө чыкты. Жакында неберем үйлөндү. Кудай буйруса чөбөрө күтүп жатабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 587
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×