Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө ветеринарлардын кесиптик майрамы белгиленип, аларга наам берүү сунушталды (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунда ветеринарлардын кесиптик майрамы белгиленүүдө, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Алгач Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын облустук бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Шарапов бул тармактагы жетишкендиктер, жаңылануулар, Эвробиримдиктин талаптары, малдарды эмдөө, дары-дармектер менен камсыздоо иштеринин жүрүшү боюнча доклад окуду.

Иш-чаранын алкагында бул тармакка, облустун социалдык экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон 6 кызматкер өкүлчүлүктүн ардак грамотасы менен сыйланды.

Алар:

1. Эркин Турмамбетов;

2. Алмазбек Шакеев;

3. Нурбек Сагындыков;

4.Турдугүл Куленбекова;

5. Бурул Шаменова;

6. Медеркүл Шыгаева.

Ошондой эле, 5 адам алкыш баракчасы менен сыйланды:

1. Көлбай Турсунов;

2. Марысбек Токтосунов;

3. Рүстөм Кененбаев;

4. Эльнурбек Искаков;

5. Санакбек Акматов.

Иш-чаранын жүрүшүндө ардагер ветеринар Жакшылык Шарапов ветеринария кызматын жакшыртуу максатында атайы кеңеш түзүүнү сунуштады.

Ошондой эле, ал «Эмгек сиңирген ветеринар дарыгери» деген наам берүүнү демилгеледи. Аны облустун ветеринарлары колдоого алып, президентке сунуш бермей болушту.

66

«Ветеринария кызматы медицина жана айыл чарба сыяктуу олуттуу тармак болуп саналат. Бул кызматты жакшыртуу максатында жана ветеринардык дарыгерлерге дем берүү үчүн «Эмгек сиңирген ветеринар» наамын ыйгаруу керек», - дейт 75 жаштагы Жакшылык Шарапов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 639
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×